Аламүдүн районунда каракчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-апрелде Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмү 1973-жылы туулган Д.А., арыз менен кайрылган. Анда ал Ак-Жар конушундагы көчөлөрдүн биринде кимдир бирөөлөр күч колдонуп, отвёртка менен коркутууга алып жанындагы 6000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын жана айдоочулук күбөлүгүн тартып алганын айтып кайрылган.
Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин негизинде 1986-жылы туулган Д.А., жана 1984-жылы туулган О.Ж. аттуу жарандар кармалышкан.
Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.