«Манас» бажысынын кызматкерлери 13 миллион сомго аба кемелеринин декларацияланбаган фактысын аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 26-30-июлунда Кыргызстандын аймагына Пакистан-Бишкек маршруту боюнча рейстери менен “А.М.Э” ЖЧКсынын дарегине “AVRO 146 –RJ85” эки аба кемеси келгендиги аныкталган. Борттогу товарлардын наркы 12 971 063,27 сомду түзгөн.
«ЕАЭБдин мыйзамдарына ылайык, товарларды бажы жол-жобосуна жайгаштыруу менен байланыштуу бажы операцияларын жүргүзүү каралган. Аталган аба кемелерине карата келген учурдан баштап кандайдыр бир бажы операциялары жүргүзүлгөн эмес»,- деп берилет маалыматта.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестерине АМС маалыматтык электрондук журналга катталып, материалдар ведомстволугуна караштуулугу боюнча Башкы прокуратурасына берилген.