7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Гейдар Алиев жана анын жубайы Зарифа Алиеванын элесин эскерди

816

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-апрелде, Азербайжан Республикасына расмий сапарынын алкагында Баку шаарындагы “Ардак аллеяга” барып, Азербайжандын улуттук лидери Гейдар Алиевдин элесин  анын мүрзөсүнө гүлчамбар коюу менен эскерди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы ошондой эле Гейдар Алиевдин жубайы Зарифа Алиеванын мүрзөсүнө гүл коюу менен анын жаркын элесине таазим кылды.

Андан соң, делегациясы Ардактуу кароол тизилген “Шейиттер аллеясына” барышты.

Садыр Жапаров Азербайжандын курман болгон баатырларынын элесин эскергенден кийин эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

817