7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акыркы жумада 19 миңден ашуун адам жол эрежесин бузуп, 92 адам мас абалында унаа айдаган

759

Акыркы жумада өлкөдө 19 миң 277 жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан басма сөз кызматы билдирди.

Алардын ичинен:

  • транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашкандыгы үчүн – 3518;
  • транспорт каражаттарын тиешелүү документи жок башкаргандыгы үчүн – 176;
  • транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 6711
  • транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын
  • кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 30;
  • Автоээнбаштык – 6;
  • жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 1105;
  • ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 152
  • жол белгилеринин, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 6704;
  • айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал айнектери күңүрттөлгөн унааны башкаргандыгы үчүн – 58;
  • мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 92;
  • унаа токтотуучу жайга коюлду – 748.

Белгилей кетсек, жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында республиканын аймагында ЖКККББ кызматкерлери рейддик иш-чараларды өткөрүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

760