7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта майып кызды зордуктоого шектүү жаран кармалды

761

Таласта майып кызды зордуктоого шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бакай-Ата районунун Үйүр-Марал айылынын 1985-жылы туулган Т.Э. арызы менен кайрылып, анда 2022-жылдын 18-апрелинде саат 18:30 чамаларында үйүнөн, 1чи топтогу майып 1992-жылы туулган карындашынын алсыз абалынан пайдаланып “Боди” аттуу бала зордуктап кеткендигин билдирген.

Аталган билдирүү 2022-жылдын 21-апрелинде Бакай-Ата РИИБнөн маалыматтардын электрондук журналына катталып, Бакай-Ата РИИБнүн жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүү учурунда шектүү катары Үйүр-Марал айылынын тургуну 1980-жылы туулган А.Н. аныкталып, Бакай-Ата РИИБне камсыз болуп, зордуктоо кылбагандыгын билдирген.

Андан тышкары, К. кызы Н. соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгы денесинде күч колдонулган жаракат белгилери жоктугун көрсөткөн.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 37-154-беренеси катталып, учурда Талас ОИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

762