Ысык-Көлдө 47 жаштагы тургундун үйүнөн мыйзамсыз сакталган курал-жарак жана күрөң аюулардын терилери табылган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган факты Ак-Суу РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине, Кылмыш жаза кодексинин 267 (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү), 308 (Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу) беренелери боюнча катталган.
Кылмыш ишинин алкагында «Сары-Жаз» сырт өрөөнүнүн 1975- жылы туулган Т.Р. аттуу жарандын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп курал жарак, ок даары жана 2 даана жоголуп бара жаткан күрөң аюулардын терилери табылып алынган.
Учурда, тийиштүү экспертизалар дайындалып, күрөң аюлардын терилери кайдан чыгаарын аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда.