7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мыйзамсыз ишкерлик кылып издөөдө жүргөн чет элдик жаран кармалды

971

Лейлек райондук милиция кызматкерлери издөөдө жүргөн Тажикстандын жаранын кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Б.Гафуров районунун 40 жаштагы М. Дж. аттуу тургуну Кыргызстандын аймагында 2018-жылы мыйзамсыз ишкерлик кылуу жана аткезчилик беренелери менен кылмыш жасап, Лейлек РИИБи тарабынан 2018-жылдан бери издөөдө жүргөн.

Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2022-жылдын 27-апрель күнү Лейлек районунун аймагында жүргөн жеринен аныкталып, кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

972