7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте «Манас айылы» комплексин реконструкциялоонун долбоору сунушталды

865

Садыр Жапаров “Манас айылы” этнографиялык комплексин реконструкциялоо боюнча долбоор менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин мамлекет башчысы интервьюларынын биринде жакынкы арада комплекстин реконструкциясы болорун, анткени анын азыркы абалы өтө начар абалда экенин белгилеген.

Садыр Жапаров белгилегендей, азыр комплексти өзүнүн атына татыктуу кылып, анда борбордун тургундары, коноктору убактысын ырахат менен өткөрө тургандай кылып калыбына келтирүү милдети турат.

Президент архитекторлорго кайрылып, бул иштердин долбооруна ар тараптан ойлонуштурулган мамиле жасоонун зарылдыгын белгиледи.

Маалым болгондой, долбоордо “Манас айылы” комплексин реконструкциялоо анын аймагын 3 гектардан 8 гектарга чейин кеңейтүүнү карайт. Ар кандай жыйындарды, курултайларды жана башкаларды өткөрүү үчүн залдарды камтыган 3 кабаттуу боз үй куруу пландалууда. Ошондой эле, комплекстин аймагына “Манас” театры менен Манас музейин жайгаштыруу пландалууда.

 

Мындан тышкары, долбоордун идеяларынын бирине ылайык, комплекстин конокторуна улуттук каада-салттарга, ырым-жырымдарга ылайык этно-маданий иш-чараларды өткөрө алышат.

Президент долбоорду канааттануу менен баалап, курулуш иштерин тез арада баштоону тапшырды. Мындан тышкары, комплексти стандартка ылайык сапаттуу куруу жана мында келгендерге көбүрөөк ыңгайлуулуктарды түзүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

866