Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун демилгеси жана демөөрчүлүгү менен 9-майда Ноокатта “Сахаба” эс алуу багында эл аралык күрөш болот.
Аталган күрөшкө Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын балбандары катышат.
Иш чара жаштарды жана спорттук колдоо максатында Улуу Жеңиш күнүнүн урматына арналат.
Майрамдык таймаш саат 9:00дө башталат
Балбандардын күрөшүнө башкы калыс чебери Малик Осмонов, Калил Турдубаев калыстык кылышат. Биринчи орунга Mercedes үлгүсүндөгү автоунаа , экинчи орун Дэу Nexia, үчүнчү орун ВАЗ-2107. Ошондой эле акчалай сыйлыктар да ойнотулат.
Башкы демөөрчү КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу.