Бүгүн, 29-апрелде “Ала-Арча” көрүстөнүндө белгилүү акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматовдун эстелиги орнотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маркумду эскерүүгө КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, коомчулук өкүлдөрү, жакындары катышты.
«Азаттык» радиосунда маданият темасындагы окуяларды чагылдырып иштеген акын Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.
Акындын калеминен «Жалгыздык» (1996-ж.), «Мелмил» (2005-ж.), «Нөлү көп жылдар» (2011-ж.), «Жүрөктөгү бороон» (2019-ж.) ыр жыйнактары жарык көргөн. Анын ырларына обончу-композиторлор обон жаратып, эл арасында ырдалып жүрөт.
Ажыматовдун чыгармачылыгында ата мекенди сүйүү, мекенчилдик дух, жарандык бийик сезим, көтөрүңкү маанай өзгөчө орунду ээлейт.