7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош: Мас абалында чуу салган милиция кызматтан алынды (ВИДЕО)

1881

Ош шаарындагы көчөлөрдүн биринде кызматтык жана коомдук тартипти одоно бузуп мас абалында чыр салган милиционер кызматтан алынды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-майда айрым интернет булактарында мас абалындагы милиция кызматкеринин жарандарга жасаган мамилеси тараган. Анда милиция кызматкеринин жүрүм -турумунан анын мас абалда экендигин байкоого болот. Ыкчам жүргүзүлгөн текшерүүдөн соң, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери экендиги аныкталган.

Ош ШИИБнын жетекчилиги, ички иликтөө кызматы тарабынан иликтөө иштерин жүргүзүлүп, натыйжада мындай кадамдарга барган Ош ШИИБнын нөөмөт бөлүмүнүн кызматкери ички иштер органдарынын кызматкеринин кадыр-баркына доо кетирип, кызматтык тартипти одоно түрдө бузгандыгы үчүн бүгүн, 18-майда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын буйругу менен иштен алынды.

Иликтөө иштеринин жыйынтыгында бул кызматкер 17-май күнү эрте менен нөөмөт бөлүмүндөгү кызматын аяктап, кызматты тапшырып, үйүнө бара жатып алкоголдук ичимдик ичип алгандыгы жана кызматтык жана коомдук тартипти бузгандыгы аныкталды.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1882