Майлуу-Суу шаарынын 56 жаштагы тургуну Токторбаева Гульнара Латиповна ушул жылдын февраль айынан бери байланышка чыкпай, дайынсыз болуп жаткандыгына байланыштуу милиция коомчулуктан жардам сурайт. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилери: бою 150-155 см, чачы кыска кара түстө, ак жүздүү, дене түзүлүшү орто, оң бутуна аксап таяк таянып басат.
Кийген кийимдери: үстүндө кара-кызыл гүлдүү көйнөк, бутунда резина бут кийим болгон.
«Дайынсыз болуп жаткан Токторбаева Гульнара Латиповна боюнча кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Байланыш телефондор: 03744-5-06-33, 102, 0755-66-62-88, 0558-99-80-81»,- деп берилет билдирүүдө.