7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министрлер кабинетинин алдында инвестициялык кеңеш түзүлдү

658

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестиция боюнча кеңештин базасында Министрлер кабинетинин алдындагы инвестициялык кеңеш түзүлдү. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечим бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу, инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкердик субъекттеринин ишмердүүлүгүн коргоо жана колдоо механизмдерин, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүдө кызыкдар тараптардын ишин координациялоо максатында кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин алдындагы инвестициялык кеңеш мамлекет менен бизнес-коомчулуктун ортосунда натыйжалуу диалогду камсыз кылуу максатында түзүлгөн туруктуу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

659