7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте муктаж болгон 206 үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөтүлдү

671

Ленин районунун муниципалдык администрациясы тарабынан KOICA (Корея эл аралык кызматташтык агенттиги) өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен калктын социалдык жактан аялуу катмары үчүн гуманитардык жардам берүү уюштурулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаевдин, KOICAнын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору Ли Джонгсунун катышуусунда өттү.

Район башчысы Ли Джонгсу мырзага гуманитардык жардам жана райондун калкынын социалдык жактан аялуу катмарына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, муниципалдык администрациясынын ыраазычылык катын тапшырды.

Жалпысынан 268 азык-түлүк баштыгы 206 үй-бүлөгө таратылып, көмөк 773 адамга, анын ичинде балдарга көрсөтүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

672