Сузак районунун Сафаровка айылында жайгашкан Ж.Бөкөнбаев атындагы мектепте 7-классынын окуучусу 2008-жылы туулган Д.Х. информатика сабагынын мугалими Сузак районунун тургуну 1987-жылы туулган Э.М. уруп койгондугу аныкталган. Кыздын апасы Хусанова Шайыркүл бул окуя тууралуу айтып берди.
«Эртең менен кызым окууга кеткен. Окуудан келгенден кийин сөйкөсү сынып, бети кызарып келген экен, мен деле аны байкабапмын. Кызыңыз жакшыбы, эжекеси уруп коюптур деп кошунам айтып калды. Эжекесине чалып сүйлөштүм. Мугалими үйгө келип, «эже мен эмоцияга алдырып койдум, башка кыздар дагы менин жиниме тийип коюшту эле. Ортодон менин кызым менен сиздин кызыңыз айтыша кетишип ачуулукка алдырып коюпмун, мени кечирип коюнуз «,-деди. Ошол бойдон макул деп эле ал үйүнө кеткен. Эртеси күнү ватсапптан мага видеолор келди. Мен директорго барып видеону көргөзсөм ал дагы таң калды. Андан соң ата-энелердин чогулуш болду. Учурда кызым хирургия бөлүмүндө жатат»,- деди кыздын апасы.
Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Сузак районунун аймагында жайгашкан орто билим берүү мектептердин биринде, мугалим жашы болжол менен 15-16 жаштагы окуучу кызды колу менен бети-башына бир нече жолу уруп жиберген видеотасмасы тараган.