7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарына жаңы казы дайындалды

740

Ош шаарынын казысы болуп Мырзакул кары Осмонов дайындалды. Маалыматты Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. Тиешелүү буйрукка муфтий Замир кары Ракиев кол койду.

Мырзакул Осмонов Чоң-Алай районунун Даарот-Коргон айылында туулган.

2000-2003-жылдары Бишкектеги Умар бин Хаттаб медресесинен билим алган.

2011-2015-жылдары Ош облусундагы Абдужапар Ислам институтунда, 2009-2016-жылдары Ош технологиялык университетинин энергетика факультетинде окуган.
2022-жылдын февраль айынан бүгүнкү күнгө чейин Ош шаарындагы «Али аль-Байт» мечитинин имам-хатиби болуп эмгектенип келген.

Кыргыз, орус, араб, түрк, урду тилдерин эркин билет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

741