“Манас” театры үстүбүздөгү жылдын аягында толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет. Бул тууралуу аталган театрдын директору Азиз Биймырза уулу маалымдады.
Театрдын имараты «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексинин күн батыш тарабынан орун алат. Учурда жер пайы толугу менен бүткөн.
Имарат президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен курулуп жатат. Ал ишке кирсе концерт, спектаклдарды көрүүгө мүмкүнчүлүк жаралат.