Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйыны жана XI пленардык отуруму бүгүнкүгө белгиленген. Ага катышуу үчүн ТүркПАга мүчө Азербайжан, Түркия, Казакстан мамлекеттеринин, андан тышкары, Венгрия, Түркмөнстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн парламенттик делегациялары келишти. Анда парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселеси талкууланат. Мындан сырткары 2023-2028-жылдарга карата ТүркПАнын стратегиялык жол картасын бекитилет. Жыйынтыгында Чолпон-Ата декларациясы кабыл алынат. ТүркПАга төрагалык кылуу милдети Казакстандан Кыргызстанга өтөт.
Чолпон-Атада ТүркПА кеңешинин жыйыны өтөт
