7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” КР Мыйзамына кол коюлду

712

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 16-июнунда кабыл алынган.

ЭКБны (энергиянын кайра жаралуучу булактары) Кыргыз Республикасында тезинен өнүктүрүү максатында электр энергиясынын тартыштыгы, ЭКБ тарабынан иштелип чыккан энергияны республиканын экономикалык жактан өнүгүшүнө жана отун теңдемине кошуу менен шартталды.

Бүгүнкү күндө, ЭКБнын негизинде энергетикалык кубаттуулукту өндүрүүнүн ири жана чакан объекттеринде дагы жаңы кубаттуулукту киргизүүнүн чоң көйгөйү турат.

ЭКБны колдонуунун жаңы технологиялары айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна терс таасир тийгизүүсүн төмөндөтүү, ар түрдүү категориядагы керектөөчүлөргө кымбат эмес, ишенимдүү, туруктуу жана заманбап булактарды жалпы алуу мүмкүнчүлүгүн ачуу менен, атаандаштык энергия жабдууну камсыздай алат, бул Кыргыз Республикасынын Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) туруктуу өнүктүрүү жаатындагы максаттарына жетүү боюнча милдеттеринин бири болуп саналат.

Сунуш кылынган Мыйзам төмөнкүлөрдү камтыйт:
— ЭКБны пайдаланууга байланышкан мамилелерди жөнгө салуу;
— ЭКБ жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери;
-ЭКБ жаатындагы экономикалык жана уюштуруучулук-укуктук механизмдер.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

713