7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Каракол – КМШнын маданий борбору” эл аралык программасынын ачылышы

612

Бүгүн, 1-июлда Каракол шаарынын борбордук стадионунда “Каракол – КМШнын маданий борбору” эл аралык программасынын расмий ачылышына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Салтанатка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, ошондой эле Россия Федерациясынын Президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой, КМШга мүчө-мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык боюнча Мамлекеттер аралык фондунун аткаруучу директору Анатолий Иксанов жана башка меймандар катышты.

Иш-чара театралдаштырылган пролог менен башталып, андан соң Мамлекет башчысы куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Шаардын туулган күнүндө “Каракол – КМШнын маданий борбору” эл аралык программасынын ачылышы символикалуу.

Садыр Жапаров белгилегендей, Каракол Кыргызстандын эң кооз шаарларынын бири экени талашсыз. Бул бир гана мекендештер үчүн эмес, дүйнөнүн булуң-бурчунан келген чет элдиктер үчүн эң мыкты туристтик шаар.

Президент Каракол шаарынын «Шериктештиктин маданий борборлору» мамлекеттер аралык программасына кириши шаардын мындан аркы өнүгүшүнө, тынчтык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымак маданиятынын идеяларын жайылтууга жаңы дем берерин белгиледи.

Андан соң иш-чара КМШ өлкөлөрүнүн жаштар симфониялык оркестринин концерттик программасы менен уланды.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

613