7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ФОТОКАПКАН: Нарындын Сырт жайлоосунан тартылган сүрөттөр

828
«Илбирс» коомдук фонду Нарын облусунун Сырт аймагынан тартылган илбирс баштаган жапайы жаныбарлардын, канаттуулардын фотокапканга түшүп калган кызыктуу сүрөттөрүн жарыялады.
Жаныбарлардын аларга такыр чоочун болгон аппаратты таңыркап, бүшүркөп, кээ бир жерде чочулап караган учурларын, ар кандай эмоцияларына күбө болобуз. Суур эки колун бооруна алып, камераны тиктеген тейде отурат. Ал эми капталынан караган тоо эчкиге камерабы, аңчыбы баары бир сыяктуу. Шагылды аралай келе жаткан илбирс, белгисиз техниканы аярлай карап, комдонгон тейде турат… Айтор, көргөндөрдү кайдыгер калтырбаган сүрөттөр.
Фонддон ал камералар илбирстин көбөйүшүн, эмне менен тамактанарын, браконьерликтин алдын алуу максатында пландалган изилдөөнүн алкагында орнотулганын айтышты.
«Алдын ала берилген маалыматтарга таянсак, барс 10 фотокапканга түшкөн, алардын көбү мыйзамсыз аңчылык жасалат деген жерлерге орнотулган. Тартылып калган, топтолгон маалыматтардын бардыгы Кыргызстандагы илбирстердин жалпы санын такташ үчүн пайдаланылды», — деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

829