Жалал-Абад облусунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 4-июль күнү саат 23:45те Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Токтогул районунун Бөр-Дөбө айылында 3 балл, Кетмен-Төбө жана Жетиген айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.