7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

24 өлкөнүн ичинен алтын медалга ээ болгон Баткендик Азамат

952

Баткендин кулуну спорттун кикбоксинг түрү боюнча Ташкентте өткөн Uzbekistan Open эл аралык мелдешинде  алтын медаль тагынды. 28 жаштагы спортчу Азамат Кудайбердиев ушул эле мелдешти былтыркы жылы да жеңген. Эл аралык турнирге бул ирет 24 өлкөдөн келген спортчулар катышты.

Чемпионду кичи мекенинде Баткен районунун акими баш болгон жетекчилер, ата-энеси, жакындары жана айылдаштары салтанат менен тосуп алды. Анын ийгилиги жаштарга үлгү экени айтылып, райондук мамлекеттик администрациянын ардак грамотасы тапшырылды.

Азамат Кудайбердиев спорттун кикбоксинг, бокс жана ушу-саньда түрлөрү боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, спорт чебери. Бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Азия Биринчилигинин күмүш медалынын ээси.

Кикбоксинг боюнча Кыргызстан курама командасынын мүчөсү. Бишкек шаарындагы «Маралбек» спорт клубунда машыгат.

Учурда спортчу Түркияда өтө турган эл аралык мелдешке камданып жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

953