7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ихсан» турак жай кооперативинин директорлор кеңешинин төрайымы кармалды

641

Ихсан групп ЛТД» кооперативинин директорлор кеңешинин төрайымы  кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Ихсан групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай кооперативинин башкармалыгына жана уюштуруучуларына 209-берене (алдамчылык), 210-берене (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголгон.

2022-жылдын март айынын башынан бери өлкөнүн бардык аймагындагы «Ихсан» кооперативине кирген жарандардан көптөгөн кайрылуу келип түшкөн.

Жарандар түзүлгөн келишимдердин негизинде кирүү акысын 4% жана 7% өлчөмүндө, ошондой эле 25-35 пайыз баштапкы төлөм, сатып алынуучу мүлктүн наркынын 50 пайызын төлөшкөн.

Бирок бүгүнкү күнгө чейин кооперативдин мүчөлөрү турак жай да, автоунаа да ала элек. Мүчөлүктөн баш тарткан жарандар өз акчасын кайтара албай жатышканын айтышкан.

«Ихсан групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай курулуш кооперативинин жетекчилиги тарабынан төлөнбөй калган сумма 121 млн 313 миң 950 сомду түзгөн.

11-июль күнү кылмышка шектүү катары «Ихсан» кооперативинин директорлор кеңешинин төрайымы 1975-жылы туулган Б.А. кармалган. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда иш боюнча тергөө уланууда.

«Урматтуу кыргызстандыктар, сиздерден «Ихсан групп ЛТД» кооперативине кирбөөнү суранабыз. Каржы пирамидасынын белгилери байкалып, салынган каражаттар кайтарылбай калышы мүмкүн. Сак болгула», — деп айтылат ИИМдин билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

642