Соңку суткада өлкөдө коронавирус илдетинин 28 жаңы учуру катталды. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен кабарлашкандай, анын ичинен 20 адам оорунун белгилери пайда болгон үчүн ооруканага кайрылган, эки учур Өзбекстан менен Казакстандан келген жарандардан аныкталган. Дагы алты учур ПЦР изилдөө учурунда аныкталган.
«Коронавирус жуктуруп алгандардын 20сы үйдө дарыланууга жиберилди, экөө ооруканага жаткырылды» деп айтылат маалыматта.
Адистер акыркы жумада оорунун өсүшү байкалганын билдирет. Учурга карата бардык аймактар жашыл зонада.
Өлкөдө пандемия башталгандан бери коронавирустун 201 миң 243 учур катталды. Илдеттин кесепетинен 3 миңге чукул киши каза болду.