7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын капчыгында алгачкы медаль. Алмаз Сманбеков Ислам шериктештиги оюндарынын күмүш байгесинин ээси болду

720

Эркин күрөш боюнча курама команданын мүчөсү Алмаз Сманбеков Ислам шериктештиги оюндарынын күмүш байгесинин ээси болду. Бул Кыргызстандын капчыгындагы алгачкы медаль болуп калды.  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министриги кабарлагандай, спортчу 57 кг салмак даражада беттешти.

Финалдык беттеште Өзбекстандык балбан менен күч сынашып, жарым финалда алган жаракатынан улам беттешти уланта алган жок.

Спортчу 1/8 финалда Азербайжандык, чейрек финалда Сенегалдык жана жарым финалда Тажикистандык балбанды жеңген.

Белгилей кетсек, Ислам оюндарындагы ушул күндөрү Түркиянын Конья шаарында өтүп жатат. Ага жалпы 56 өлкөдөн 4200 спортчу катышып, 483 медаль ойнотулат. Аталган мелдешке Кыргызстандан 158 спортчу, спорттун 16 түрүнөн катышат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

721