Эркин күрөш боюнча курама команданын мүчөсү Алмаз Сманбеков Ислам шериктештиги оюндарынын күмүш байгесинин ээси болду. Бул Кыргызстандын капчыгындагы алгачкы медаль болуп калды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министриги кабарлагандай, спортчу 57 кг салмак даражада беттешти.
Финалдык беттеште Өзбекстандык балбан менен күч сынашып, жарым финалда алган жаракатынан улам беттешти уланта алган жок.
Спортчу 1/8 финалда Азербайжандык, чейрек финалда Сенегалдык жана жарым финалда Тажикистандык балбанды жеңген.
Белгилей кетсек, Ислам оюндарындагы ушул күндөрү Түркиянын Конья шаарында өтүп жатат. Ага жалпы 56 өлкөдөн 4200 спортчу катышып, 483 медаль ойнотулат. Аталган мелдешке Кыргызстандан 158 спортчу, спорттун 16 түрүнөн катышат.