7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстан жана Өзбекстан президенттери кыргыз элине көңүл айтты

793

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго жана кыргыз элине Орусиянын Ульяновск облусунда болгон жол кырсыгында Кыргыз Республикасынын жарандарынын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу Казакстан президентинин расмий сайтында жазылат.
Өлкө башчысы телеграммада каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айткан.

Ошондой эле, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев дагы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго жана кыргыз элине Орусиядагы жол кырсыгынан Кыргызстандын жарандарынын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин маалымат катчысы Шерзод Асадов билдирди.

«Мамлекет башчысы боордош Кыргызстан элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, каза болгондордун жакындарына колдоо сөздөрүн жеткирип коюуну жана жараат алгандардын тез сакайып кетишин каалады«, — деп айтылат билдирүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

794