Таласта жүк ташуучу унаа өрттөнүп, үч жаран жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Кара-Буура районундагы Жоон-Дөбө айылынын түндүк тарабында оор жүк ташуучу унаанын 10 дөңгөлөгү жана кабинасы күйүп кеткен.
Өрттүн кесепетинен 1986-жылы туулган М.Р, 1988-жылы туулган У.М, 1990-жылы туулган Т.Д. аттуу жарандар жеңил жаракат алышып, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген.
Белгилей кетсек, өрт электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушунан келип чыккан.