Ош шаарында Эгемендүүлүк күнүнө карата мэрдин кубогу үчүн ат чабыш өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 31-август Эгемендүүлүк күнүнө жана Канай уулу Байтик баатырдын 200 жылдыгына карата Төлөйкөн айылындагы ипподромдун аймагында Ош шаарынын мэриясы “Аргымак” федерациясы менен биргеликте Ош шаарынын мэринин кубогу үчүн ат чабыш оюндарын (үч багытта: тай, кунан, аламан) уюштурулууда.
Белгилей кетсек, жалпы байге фонду 500 000 сомду түзөт. Кирүү акысыз.
Толук маалымат үчүн байланыш телефону: (03222) 4-75-55, (0555) 151-515.