7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Москвада мекендештерин бычак менен коркутуп, акча талап кылган эки кыргызстандык кармалды

586

Москва шаарында өз мекендештерин опузалап талап кылуу, уурдоо менен алектенип жүрүп мурда кармалган кылмыштуу топтун жашырып жүргөн дагы мүчөлөрү аныкталды.

ИИМдин Россия Федерациясынын маалыматына ылайык, Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагында ишкерлик кылган өз мекендештерин опузалап талап кылуу, уурдоо менен алектенген туруктуу уюшкан кылмыштуу топ иш жүргүзүп келген.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын май айында Москванын Марьина-Роща районунун аймагында кылмышкерлер күч колдонушуп, бычак менен коркутушуп, Кыргызстандын жаранын унаага салып, анын эркине каршы белгисиз тарапка уурдап кетишкен. Андан соң аны батирде кармап, 1 000 000 рубль акча талап кылышып, андан соң сабап, 78 000 рублин алып кетишкен. Эртеси бул кылмыштуу топтун мүчөлөрү кылмыштуу ниетин улантып, жабырлануучунун 65 миң рублдик мүлкүн алып кетишкен.

Жогорудагы факты боюнча Россиянын Тергөө комитети тарабынан Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 126,163-беренелери (“Адамды уурдоо, опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

23-август күнү шектүүлөр Москва шаарынын аймагынан кармалышкан.

-Кыргызстандын жараны, Талас облусунун тургуну 1993-жылы туулган М.Э.. Алынган маалыматтар боюнча кармалган жаран “Савалев базарындагы кыргыздар үчүн смотрящий” криминалдык статуска ээ;

— Экинчи шектүү Кыргыз Республикасынын жараны, Жалал-Абад облусунун тургуну 2000-жылы туулган Ж.уулу Н.

Учурда бул фактылар иликтенип, алардын мурда жасалган башка оор кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.

Жогорудагы адамдар мурда кармалган кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү болушат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

587