7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстандагы жол кырсыктан 4 кыргызстандык жабыркады

728

Казакстандагы жол кырсыктан 4 кыргыз жараны жабыркады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, 27-августта саат 06:40та Батыш Кытай — Батыш Европа унаа жолунун 601-чакырымында Түлкүбас районунун Шапак-Баба айылына кире бериште автобустун айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, арыкка түшүп кеткен.

Жабыркагандардын арасында Кыргызстандын 4 жараны бар, алар ар кандай жаракаттар менен Түлкүбас районунун Т.Рыскулов айылынын борбордук райондук ооруканасына жаткырылган.

Жабырлануучулардын абалы орточо оор деп бааланууда, аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Аталган окуя Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү беренеси менен каттоого алынган.

«Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу Казакстандын мамлекеттик органдары менен биргеликте окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүп жатканын, ошондой эле окуянын чоо-жайын тактоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканын белгиледи. Ооруканага жаткырылган КР жарандарынын ден соолугунун абалы көзөмөлгө алынат»,-деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

729