Бишкектеги №1 түзөтүү мекемесинде айыпталуучу каза болду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 28-август күнү эртең мененки тамакты таратуу учурунда мурда соттолгон Чүй облусунун тургуну 1987-жылы туулган К.И.М. эс учун жоготкон абалда табылган.
Ал №1 түзөтүү мекемесине үстүбүздөгү жылдын 26-августунда сот тарабынан аныкталган 9 айдан ашык мөөнөтүн аягына чыкпай Чүй районундагы камактан качып кеткен үчүн камалган.
«Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында каза болгон жарандын денесинде жабыркаган белгилер аныкталган эмес. Так диагноз коюу соттук-медициналык экспертиза дайындалган күндөн тартып 30 күндөн кем эмес убакытты талап кылынат»,- деп берилет маалыматта.
Учурда Жазаларды аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгы тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү жургүзүлүүдө.