Бүгүн, 31-августта Чуңкурчак жайлоосунда Эгемендүүлүк күнү жана Байтик баатырдын 200 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара башталуу алдында турат. Ага өлкө башчы Садыр Жапаров катышат.
Ошондой эле, Акылбек Жапаров башында турган Министрлер кабинети, Жогорку Кеңешинин депутаттары, өлкөнүн коомдук ишмерлери, Кыргызстанда аккредиттацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилери, жарандык коомдун өкүлдөрү жана башкалар катышат.
Бул майрамга келгендердин саны көп экендигин көрүүгө болот.