Сабак учурунда окуучулардын уюлдук байланыштарды колдонуусуна тыюу салынат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен кабарлашты.
Билим берүү жана илим министрлигинин “КРнын жалпы билим берүү уюмдарында окуу процессинде уюлдук байланыш каражаттарын окуучулар тарабынан чектелүү түрдө колдонуу тууралуу Сунуштарды бекитүү жөнүндө” 2022-жылдын 30-августундагы №1655/1 буйругу бекиди.
- Маалыматтык компетенттүүлүктү калыптандыруу үчүн окуу предмети боюнча маалымат издөөдө;
- Окуу процессинде онлайн тесттерди түзүүдө жана колдонууда;
- Окуу видеосун көрүүдө же аудио жазууларды колдонууда;
- Маалымат издөө үчүн QR-коддорду окууда;
- Электрондук күндөлүктү колдонууда;
- Атайын шаймандар жана техникалар менен жабдылган атайын багыттагы класстарда (информатика кабинеттери, smart-класстар) смартфондорду колдонуу;