7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алтын-Ордо конушунда 480 орундуу жаңы мектеп ачылды

749

1-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев “Алтын-Ордо” жаңы конушундагы №98 мектептин ачылышына жана №10 орто мектебиндеги салтанаттуу линейкага катышты.

Маалыматка ылайык, Алтын-Ордо конушундагы 480 орундуу жаңы мектептин аянты 3521 кв/м түзөт. Мектептин имараты 3 кабаттуу. Ал эми №10 орто мектебинин капиталдык оңдоо иштери 100% аяктады. Мектеп 380 орунга ылайыкташып, 3 блоктон турат.

Жаңы окуу жылына карата 11 жаңы билим берүү обьектиси эксплуатацияга берилди. Алардын ичинен 5и мектеп. Быйыл республикада жалпы 2340 мектеп билим берип баштайт.

Салтанаттуу линейкадан кийин окуучулар үчүн «Кыргыз жараны — жарандардын биримдигинин негизи» темасында биринчи сабак өтүлөт.

Белгилей кетсек, быйыл республика боюнча 1-класска 160 миңден ашуун бала барат. Жалпы окуучулардын саны — 1 млн 300 миң. Ал эми мугалимдердин саны – 82 миң 724.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

750