7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Малдын баасы 10 млн сомду түзөт. Казакстандан Кыргызстанга мал айдап өтүүгө аракет кылгандар кармалды

713

Казакстандан Кыргызстанга мал айдап өтүүгө аракет кылган эки кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-сентябрда Чүй облусунун панфилов районунда мамлекеттик чек арага жакын жерде Кыргызстандын 1993-жылы туулган А.М. жана 1983-жылы туулган Б.А. аттуу эки жараны кармалган.

Алар Казакстандан Кыргызстанга 157 баш бодо малды жана 174 баш жандык малды айдап өтүүгө аракет кылышкан.

Алдын ала эсептөөдө малдын болжолдуу баасы 10 млн 460 миң сомду түзгөн.

Кармалган жарандар компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

714