Аламүдүн районуна карашатуу Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Фрунзе токой чарбасына караштуу Боз-Бөлтөк тоосу өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ, 4-сентябрда болгон тилсиз жоо катталган аймакка Бишкек шаардык №28 өрткө каршы бөлүмүнөн 1 бөлүм барган.
Мындан сырткары өрттү өчүрүүгө №5 ӨКБдан дагы бир бөлүк, Токой чарба кызматынан 7, жергиликтүү тургундардан 4 адам жардамга чыгышкан.
Жалындаган өрт саат 23:24тө толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жалпысынан 5 га тоо янты күйгөн.
Такталган маалыматка ылайык, жабыркагандар жок жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда .