7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аткезчилик жол менен алынып келаткан 211 миң кутудан ашык тамеки аныкталды

630

Тамеки буюмдарынын партиясын мыйзамсыз экспорттоо аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Чалдыбар-унажолу» өткөрүү пунктунан аткезчилик жол менен 211 миң кутудан ашык тамеки каражаты кармалды.

Тактап айтканда, сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында 2022-жылдын 24-августунда Кыргызстандан чыгып баратканда тамеки буюмдарын мыйзамсыз ташып бара жаткан жүк ташуучу унаа кармалган. Аныкталгандай, мыйзамсыз аракеттерди жашыруу максатында 211 000 куту өлчөмүндөгү тамеки буюмдары тоңдурулган тамак-аштын арасына бекитилип, тиешелүү уруксат документтери жок ташылып келген.

Маалыматтар боюнча, конфискацияланган контрабандалык товардын баасы 21 миллион сомдон ашык, ал эми төлөнүүчү салыктын суммасы 9 миллион 495 миң сомду түзгөн.

Учурда акциздик товарларды экспорттоо боюнча мыйзамсыз каналды уюштурган адамдарды аныктоо, ошондой эле аныкталган зыяндын ордун толтуруу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

631