Кадамжайда киши колдуу болуп өлгөн жашы жете элек кыз табылды. Бул тууралуу 7-каналга Баткен ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 4-сентябрь күнү саат 15:25 чамасында Кадамжай РИИБге телефон аркылуу Кадамжай районунун Ноогардан айылында жайгашкан бакчада багында белгисиз аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы маалымдалган.
Аталган маалымат 4-сентябрь күнү Кадамжай районунун ички иштер бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, төмөнкүлөр аныкталган.
Ошол күнү саат 15:25 чамасында Кадамжай районунун Алга айылынын тургуну Халмион айыл аймагынын Ноогардан айылынын түштүк тарабынан өткөн Ош-Раззаков автожолунун 146-чакырымында өзүнүн малын багып жүрүп, сел өтүүчү тюнелдин ичинде белгисиз аял кишинин жансыз денеси жаткандыгын көрүп, 112 кызматына кабар берген.
Окуя болгон жерге кароо учурунда колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп киши колдуу болуп өлтүрүлгөн белгисиз аял кишинин жансыз денеси табылган. Анын өздүгүн тактоо учурунда ал, Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургуну 2008-жылы туулган кыз К.А. экендиги аныкталып, өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Жогорудагы факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (Адам өлтүрүү) менен каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Кылмыш иши боюнча ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургундары 1997-жылы туулган М.Ш. 1995-жылы туулган Г.Д., жана 1998-жылы туулган А.у.С. аттуу жарандар кармалып убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Ал эми, кылмыш иши боюнча далилдерди алуу максатында Кадамжай районунун тургуну 1995-жылы туулган Г.Д. аттуу шектүүнүн үйүнө кечиктирилгис жагдайда тинтүү жүргүзүлүп, анын “Хундай-Соната” үлгүсүндөгү унаа далил катары алынган.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.