7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Спирт ичимдиктерин мыйзамсыз өндүргөн адамдар кармалды

664

Спирт ичимдиктерин мыйзамсыз өндүргөн адамдар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз түрдө алкоголдук ичимдиктерди өндүргөн Жалал-Абад шаарынын тургундарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренесине (Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү) ылайык кылмыш иши козголду.

Үстүбүздөгү жылдын 7-сентябрында Жалал-Абад шаарында колго жасалган алкоголдук ичимдиктердин ири партиясы аныкталып, кармалды.
Үч дарек боюнча тинтүү жүргүзүү учурунда, жасалма алкоголдук ичимдиктер, жасалма акциздик маркалар, алкоголдук ичимдиктерди сатуудан түшкөн акча каражаттары, ар кандай фильтрлөөчү шаймандар табылган.

Сатуу иштери Жалал-Абад облусунун аймагындагы дүң соода түйүндөрүндө жана салтанаттуу мааракелерди жана иш-чараларды өткөрүүчү коомдук тамактануучу жайларында жүргүзүлгөнү аныкталды.

Ошол эле учурда контрафакттык продукция калктын ден соолугуна потенциалдуу зыян келтирүүдө, анткени, продукциялар сапатсыз, каттоодон өткөн эмес жана текшерилбеген, ошондой эле өндүрүш жана керектөө көзөмөлсүз калууда.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

665