7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камила Талиева “Манас таануу” сабагы бардык окуу жайларда өтүлүшү керектигин белгиледи

624

Бүгүн, 8-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар тарабынан бир катар маселелер көтөрүлдү.

Алсак, депутат Камила Талиева мамлекеттик тил коргоого муктаж болуп жатканы жашыруун деле эмес экенин белгилеп, “Айрыкча кыргыз тили мыйзамдын тили боло албагандыгы өкүндүрөт. Мыйзамдарыбыз туура эмес которулууда. Андыктан мыйзамдардын бардыгын алгач мамлекеттик тилде жазуу өтө маанилүү”, – деди.

Муну менен катар Манас таануу сабагы тууралуу да сөз кылган эл өкүлү, “2012-жылдагы Өкмөттүн токтомуна ылайык, бардык жогорку окуу жайларында 1-курсттун студенттерине Манас таануу сабагы өтүлүшү керек. Бирок ошол токтом жокко чыгарыла электе эле, Ош мамлекеттик университетинде аталган сабак окуу программасынан алынып калганы ойлондурууда. Ким аларга андай укук берген? Мындайга жол берилбеши керек”, – деп кошумчалады.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

625