7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен: Жарандын үйүнөн ири суммадагы акчасын уурдап кеткен жигит кармалды

711

Баткен районунда уурулукка шектелип 23 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 2-августка караган түнү белгисиз адамдар Баткен районунун аймагындагы айылдардын бириндеги үйгө кирип, үй ээсинин 65 500 сомун уурдап изин жашырып кетишкен.

Бул факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Баткен районунун 23 жаштагы Г.У.Б. аттуу тургуну аныкталып, Баткен РИИБнин тергөө кызматына камсыз кылынган.

Шектүүнүн башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугун аныктоо багытында ыкчам тергөө аракеттери жүрүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

712