7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Түн тынч өттү». Кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу

386

20-сентябрь саат 08:30гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, 19-сентябрдан 20-сентябрга караган түн тынч өттү, терс окуялар катталган жок.

«Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан КР УКМКнын Чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө. Кыргызстан менен Тажикстандын делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Тараптардын жумушчу комиссиялары кырдаалды деэскалациялоо жана кошумча күч жана каражаттарды мамлекеттик чек ара сызыгынан туруктуу жайгаштыруу пункттарына чыгаруу боюнча мурда келишилген келишимдердин аткарылышын текшерүү боюнча иш-чараларды улантат», — деп айтылат билдирүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

387