Эки өлкөнүн ортосунда Кыргызстан менен Тажикстандын согуштук аракеттерди толук токтотууну, аскерлерди жана согуштук техниканы туруктуу жайгаштыруу жерлерине алып чыгууну жөнүндө протоколго кол коюлду.
УКМКнын башчысы К.К. Ташиев Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча иштин алкагында Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы С.С. Ятимов менен ушул жылдын 19-сентябрында кечке маал жолугушканын маалымдайт.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ок атышууну токтотуу жана кырдаалды жөнгө салуу боюнча жана мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу максатында эки өлкөнүн ортосунда Кыргызстан менен Тажикстандын согуштук аракеттерди толук токтотууну, аскерлерди жана согуштук техниканы туруктуу жайгаштыруу жерлерине алып чыгууну, чек ара заставаларын жана комендатураларды биргелешип текшерүүнү, үстүбүздөгү жылдын 14-жана 16-сентябрында болгон окуяны кылдаттык менен териштирүүнү камсыз кылуу жана чек ара аймактарындагы куралдуу кагылышууну жөнгө салуу жөнүндө протоколго кол коюлду.
Протоколго кыргыз тараптан УКМКнын генерал-лейтенант К.К.Ташиев, тажик тараптан Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы С. Ятимов кол койду.
Чек ара аймагында тынчтыкты жана туруктуулукту тез арада калыбына келтирүү боюнча тараптардын биргелешкен иши уланууда.