7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткендеги куралдуу кагылыштан 183 адам жабыркап, 59 адам каза болду

349

Баткен облусундагы куралдуу кагылыштан жабыркагандардын саны 183 адамды түздү.

Маалыматка ылайык, 19-сентябрь саат 22:00гө карата (оперативдүү маалымат) саламаттыкты сактоо уюмдарына кайрылгандардын жалпы саны 183 адамды түзүп, анын ичинен 21 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн билдирет. 162 адам ооруканада дарылануусун улантууда.

Жабыркагандардын көбү Бишкек жана Ош шаарларындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына которулган (103 жабырлануучу).

Бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар.

Баткен облусунда куралдуу кагылыштан каза болгондордун жалпы саны 59 адамды түзөт

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

350