7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Баткен облусундагы кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

632

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда, Министрлер кабинетинин жетекчилигинин жана мүчөлөрүнүн, күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин, Коопсуздук кеңешинин катчысынын катышуусунда Баткен облусундагы учурдагы кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана аймактагы талкаланган инфратүзүмдү калыбына келтирүү боюнча маалымат берилди.

Садыр Жапаров биринчи кезекте, чек арага чектеш аймактардын эвакуацияланган тургундарына бардык зарыл болгон жардамдарды көрсөтүүгө, жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүүгө жана толук кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңыларын суук түшкөнчө кыска мөөнөттө курууга, социалдык-жарандык инфратүзүмдөрдү тез арада калыбына келтирүүгө байланыштуу бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

633