Ысык-Көл облусунда XXI Эл аралык Ысык-Көл оюндары аяктады. Бул жылы спорттук мелдештерде 10дон ашуун өлкөнүн спортчулары катышты.
«Оюндарга Кыргызстандан жүздөгөн спортчулар, анын ичинде «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын кызматкерлери катышты. Мелдештердин жыйынтыгы боюнча биздин курама командабыз эң көп медаль жеңгенге үлгүрдү»,-деп берилет билдирүүдө.
Спортчуларыбыз 7 алтын, 2 күмүш жана 2 колого ээ болушту:
— пляждык футбол («Манас» аэропортунун командасы);
— күрөш (Алик уулу Исламбек);
— ядро ыргытуу (Юсупов Улан);
— пляждык сумо (Осмонбеков Азамат);
— пляж күрөшү (Аман уулу Каныбек, Осмонбеков Азамат).
Команданын капчыгын 2 күмүш менен Алик уулу Исламбек толтурду (бука тартыш, гиря көтөрүү).
Аман уулу Каныбек (сумо) менен Урматбек уулу Кутберди (пляждык самбо) коло медалдарга ээ болушту.
«Ысык-Көл баатыры» ардактуу наам-сыйлыгына оюндарда буга чейин 2 жолу ийгилик жараткан Алик уулу Исламбек татыды.
Белгилей кетсек, эл аралык Ысык-Көл оюндары быйыл 9-17-сентябрь аралыгында өттү. Оюндардын программасына спорттун 14 түрү кирген.