“Аалам периси-2023” эл аралык сынагына Кыргызстандын атынан «Кыргызстан сулуусу- 2021» сынагынын жеңүүчүсү Алтынай Ботоярова катышат. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.
«Бала кездеги кыялым «Аалам сулуусу» сынагына катышуу болчу, эгер ошол беш жаштагы кызга бул кыялым ишке ашат деп айтышса ишенмек эмесмин»,- деди ал.
Модель Алтынай Ботоярова буга чейин «Мини Мисс Кыргызстан-2014» жана 2020-жылы «Мисс Кыргызстан» сынагына катышып, биринчи вице-мисс наамын алган.