Бишкекте жаранды сүзүп кеткен 38 жаштагы айдоочу аял кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 14-сентябрь күнү болжол менен саат 10:10до айдоочу белгисиз унаа менен Исанов көчөсү менен түштүк тарапка бара жатып, Чүй көчөсүнүн кесилишинен жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан жөө жүргүнчүнү сүзүп алган. Андан соң, окуя болгон жерден кетип калган.
Жол кырсыгынын натыйжасында 61 жаштагы С.Т. аттуу жаран жаракат алып, Улуттук госпиталга жаткырылган.
Аталган факты боюнча кайгуул кызматынын издөө бөлүмү «Lexus RX300» үлгүсүндөгү унаанын 38 жаштагы Ж.А. аттуу айдоочусун (аял киши) кармашкан.
Учурда аял Бишкек милициясынын тергөө кызматына жеткирилген.